Шашылыш билдирүү! Эртең, бүрсүгүнү күндүн көзү бузулат

3-июлда абанын күндүзгү температурасы салыштырмалуу төмөндөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 3-4-июль күндөрү мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо, жайлоолордо карга айланышы күтүлөт. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

3-4-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жана Нарын, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын арбыйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Оргуп ташыган селдин сүрү. Чаткалда тартылган видео
3-июлда абанын күндүзгү температурасы салыштырмалуу төмөндөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +25…+30° болот. Чүйдө +23…+28°, Талас өрөөнүндө +21…+26°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +20…+25°, тоолуу райондордо +13…+18°, бийик тоолуу райондордо +3…+8° болушу күтүлөт.

ӨКМ өзгөрүлмөлүү мындай аба ырайы автоунаа менен ары-бери каттамды, жайлоодо малды кармоону кыйындатарын айтты. Энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши да татаалдай турганын кошумчады.