Эки уулу менен сууга аккан аял. Сөөгү чек арадан табылгандардын ким экени аныкталды

Сууга 34 жаштагы келин эки уулу менен аккан.
Sputnik

БАТКЕН, 2-июл. — Sputnik. 1-июль күнү Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө Кожо-Бакырган каналына агып кетип каза болгон үч тажикстандык жарандын сөөгү жакындарына өткөрүп берилди. Бул маалыматты аталган айыл өкмөттүн башчысы Саатбек Эгембердиев тастыктады.

Ага ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы каналдан Жаштык айылынын жашоочулары үч адамдын сөөгүн табышкан. Жергиликтүү милиция кызматкерлери чакырылып, маркумдардын Тажикстандын Согди облусуна караштуу Гафуров районундагы Кистакуз шаарчасынын жашоочулары экендиги аныкталган.

"Сууга 34 жаштагы Тахмина Бурхонова 13 жана 10 жаштагы эки уулу менен аккан. Үчөө чек аралаш аймактан саман жыйнап жүрүшкөн. Анысын эки капка салып, күн катуу ысыгандыктан сууга жуунуу максатында каналга келишкен. Уулдарынын бирин суу агыза баштаганда энеси кошо сууга түшүп, бирок үчөө тең агып кетишкендигин окуянын күбөлөрү билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Маркумдар буга чейин чек аралаш аймакта күнүмдүк жумуштарда иштеп акча таап келген.