Калк июль айында газга канча сом төлөөрү белгилүү болду

Тарифтер калк жана коммерциялык түзүмдөр деп экиге бөлүнгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Калк июль айында 1 кубометр газ үчүн 14,31 сом төлөй турган болду. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар бир кубометр газ үчүн 17,55 сомдон төлөйт.

Эске салсак, газдын наркы ар ай сайын Улуттук банктын долларга карата 1-числодо чыгарган катышына карата аныкталат.