Кайгуул милициянын автоунаасын автоинспектор сүзүп алды. Сүрөт

Жол кырсыгы Бишкек шаарындагы Байтик баатыр менен Жантөшев көчөсүндө 2-июлда түндө болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Борбор калаанын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын автоунаасын Nissan үлгүсүндөгү менчик унаа айдап бара жаткан башка автоинспектор сүзүп алды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысына окурман кабарлаган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалык бул маалыматты тастыктады. 

ДТП в Бишкеке

"Окуя Бишкек шаарындагы Байтик баатыр менен Жантөшев көчөсүндө 2-июлда чак түштө, 14:30дар чамасында болду. Nissan автоунаасын чындыгында эле автоинспектор айдап бара жаткан", — деп кабарлады кырсыктын көбөсү.

Учурда жол кырсыгы боюнча башкармалыктан кызматтык териштирүү башталгандыгын, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин айтышты.