Нарындыктар айдоо жерин каптаган чегиртке менен алпурушуусун улантып жатат

Аталган аймактардын жайыт жана айдоо аянттарын чегиртке каптап кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын райондоруна жарыяланган өзгөчө кырдаал режими алына элек. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган аймактардын жайыт жана айдоо аянттарын чегиртке каптап кеткен.

Буга байланыштуу 13-июнда облуста Жарандык коргонуунун кезексиз отуруму өтүп, анын негизинде өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынган.

"21-майдан тарта Ак-Талаа, Жумгал, Ат-Башы жана Нарын райондорунун айдоо талааларында химиялык дарылоо иштери жүргүзүлүп, ушу тапта 55 миң гектар жер чегирткеден тазаланды", — деп жазылат маалыматта.

Тазалоо иштери бүгүн да улантылмакчы.