Бразилиянын футбол командасы чейрек финалга чыкты

Самара шаарында өткөн оюндун жыйынтыгында Бразилия 2:0 эсебинде жеңишке жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алкагында плей-оффко чыккан Бразилия менен Мексиканын командалары беттешти.

Самара шаарында болгон оюндун жыйынтыгында Бразилия 2:0 эсебинде жеңишке жетти.

1 / 3
Россияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алкагында плей-оффко чыккан Бразилия менен Мексиканын командалары беттешти.
2 / 3
Беттештин 51-мүнөтүндө бразилиялык Неймар гол киргизип, күйөрмандарын кубанычка бөлөдү.
3 / 3
20 мүнөт өткөндөн кийин Неймар Роберто Фирминого пас берди эле анысы топту дарбазага таамай тээп киргизди.

Беттештин 51-мүнөтүндө бразилиялык Неймар гол киргизип, күйөрмандарын кубанычка бөлөдү.

20 мүнөт өткөндөн кийин Роберто Фирмино дарбазачынын бутуна тийип ары кеткен топту киргизип жиберди.

ФИФА сайтындагы күйөрмандар Неймарды эң мыкты футболчу деп табышты. 

Бразилиялыктардын жарым финалдагы каршылашы Бельгия менен Япониянын оюнунан кийин аныкталат.