Бишкекте 3-июль күнү 44 көчөдө жарык өчөт. Тизме

Маалыматта электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы оңдоо иштерине байланыштуу экени айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Шейшемби, 3-июль күнү Бишкектин бир катар бөлүгүндө жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган көчөлөр:

— 9.00-17.00 — Кулиев, Каспийский, Күрөңкеев, Малышев жана Араван көчөлөрү;

— 9.00-18.00 — Кызыл-Кыя, Боталиев көчөлөрү, Измайловский жана Дарханский туюк көчөлөрү;

— 9.30-13.00 — Осмонкул, Жданов, Древесной, Суворов көчөлөрү, Эстонский, Тугучинский туюк көчөлөрү жана "Чыгыш-5" кичи району (№ 30, 32, 34, 36 үйлөрү);

— 9.30-17.00 — Кустанай, Приморский, Алыкулов, Камчатский, Астраханский, Абакан, Дэн Сяопин, Үсөнбаев, Москва, Линейный жана Гоголь көчөлөрү;

— 9.30-18.00 — Горький, Новосибирск, Кара-Көл, Коммунаров, Кара-Балта, Тифлисский, Рижский, Алма-Ата, Ибраимов, Сүйүнбаев, Жуковский, Табачный, көчөлөрү, Оренбург туюк көчөсү жана "Төкөлдөш" кичи району (Төкөлдөш, Чынара, Менделеев көчөлөрү).