Түндүк Корея башчысы Кытай лидеринен санкция боюнча жардам сурады

Ким Чен Ын экономикалык санкциялар оор кесепетин тийгизип жаткандыгын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ын Кытайга болгон сапарынын учурунда аталган мамлекеттин лидери Си Цзиньпинден эл аралык санкциялардын алынышы боюнча жардам сурады. Бул туурасында РИА Новости "Иомиури" басылмасына шилтеме кылып жазды.

"Ким Чен Ын Кытайда Си Цзиньпин менен жолукканда "экономикалык санкциялар оор кесепетин тийгизип жатканын, АКШ менен болгон саммиттен кийин санкциялардын эртерээк алынышына үмүт кыларын" айткан. Ал санкцияларды жакын арада алдыруу боюнча көмөк көрсөтүүнү суранды", — деп жазылган макалада.

Эки Корея бөлүнүп калган үй-бүлөлөрдү жолуктурат
Гезит мындай өтүнүчкө Си Цзиньпиндин "колдо болгон аракет жасаларын" айткандыгын жазды.

Ким Чен Ын 19-20-июнда Кытайга эки күндүк сапар менен келген. Бул Түндүк Корея лидеринин акыркы үч айда коңшу өлкөгө жасаган үчүнчү сапары болгон. Анда эки жетекчи АКШ — Корея саммитинин жыйынтыгын сүйлөшүп, пикир алышкан.

Июндун башында АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореяга болгон санкцияларды дагы бир жылга узарткан.