Тажик кызын алгысы келген чет элдиктер 50 миң доллар калың төлөшү мүмкүн

Мындай жол менен тажик кыздарынын кадыр-баркын көтөрүп, баалуулугун арттынып коюуга шарт түзүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Тажикстандык акын Адибаи Азиз бул өлкөдөн кыз алгысы келген чет элдиктерге 50 миң доллар калың төлөтүү боюнча мыйзам кабыл алууну сунуштады. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Анын пикиринде, мындай жол менен тажик кыздарынын кадыр-баркын көтөрүп, баалуулугун арттырууга шарт түзүлөт.

Акын чет элдик жаран төлөгөн 50 миң долларды экиге бөлүп, 25 миңин келин болчу кыздын банктагы эсебине салып коюуну сунуштады.

"Бул нерсе бөтөн жерде жүргөн кыздарыбызга жөлөк болот. Мисалы, жолдошу менен мамилеси бузулуп калса, андан көз каранды болбойт. Калган 50 пайызын бешке бөлүп, ата-энесине, өлкө казынасына, жетимдерге, майыптарга жана багар-көрөрү жок карыларга берели", — деди Адибаи Азиз.

Өзбекстанда чоң тойлорду өткөрүүгө тыюу салынбай турган болду
Маалыматка караганда, азыр тажик элине күйөө бала болгусу келген чет элдиктер мамлекетке эч кандай акча төлөбөйт. Бирок бир катар шарттарды аткарууга тийиш.

2011-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, тажик кызына үйлөнгүсү келген башка өлкөнүн жараны үлпөт тойго чейин Тажикстандын аймагында бир жыл жашоого милдеттүү. Мындан тышкары, жубайы менен балдарын турак-жай менен камсыз кылам деген келишимге кол коюшу керек.