Россия Испанияны утуп чейрек финалга чыкты!

Чемпионат өтүп жаткан жарым айдан бери биринчи ирет командаларга кошумча убакыт берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалы үчүн ат салышкан Россия менен Испания курама командаларынын беттеши аяктап, Россия жеңишке жетти.

1 / 6
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалы үчүн ат салышкан Россия менен Испания курама командаларынын беттеши эсеби менен аяктап, жеңишке жетти
2 / 6
Оюн курч мүнөздө өттү. Эки таймдын жыйынтыгы менен беттеш 1:1 эсеби менен аяктап, алгачкы топ автоголдун негизинде Россиянын дарбазасына кирсе...
3 / 6
Кайра пенальти менен орустар эсепти теңдей алды
4 / 6
Натыйжада овертайм да тагдыр чече алган жок. Кезек пенальтилер сериясына берилди
5 / 6
11 метр алыстыктан туруп топ тебүү 4:3 эсеби менен аяктап, Россия чейрек финалга чыкты
6 / 6
Оюн талаасынын ээси болгон россиялык команданын дарбазачысы Игорь Акинфеев эки ирет атаандаштын тобун тосуп калууга үлгүрдү.

Оюн курч мүнөздө өттү. Эки таймдын жыйынтыгы менен беттеш 1:1 эсеби менен аяктап, алгачкы топ автоголдун негизинде Россиянын дарбазасына кирсе, кайра пенальти менен орустар эсепти теңдей алды. 

​Мындан улам чемпионат өтүп жаткан жарым айдан бери биринчи ирет кошумча убакыт берилди. Испандар техникалык чеберчилиги жогору экенин көрсөтүп, көбүнесе чабуул жасаса, россиялык команданын коргонуусу мыкты болду. 

​Натыйжада овертайм да тагдыр чече алган жок. Кезек пенальтилер сериясына берилди. 11 метр алыстыктан туруп топ тебүү 4:3 эсеби менен аяктап, Россия чейрек финалга чыкты. Оюн талаасынын ээси болгон россиялык команданын дарбазачысы Игорь Акинфеев эки ирет атаандаштын тобун тосуп калууга үлгүрдү.