Польшада эки баштуу музоо туулду. Сүрөт

Эки баштуу музоонун сүрөтүн мал доктур интернетке жарыялаган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Польшалык ветеринар Каролина Саровска эки баштуу музоонун сүрөтүн интернетке жарыялаганын Daily Mail басылмасы жазды.

Ал адаттан тыш музоо Польшанын түндүгүндө жайгашкан Ковалево-Поморске шаарындагы фермалардын биринде туулганын айткан. Музоо туут учурунда кыйналып өлүп калган.

Мал доктурдун айтымында, бул уй төртүнчү ирет ушундай музоо тууп жатат. Буга чейин ал ички органдары тышында жайгашкан музоо тууган.

​Экологдордун айтымында, уйга берилген тоютка гени өзгөртүлгөн нерселер кошуп берилгендиктен ушундай музоолор туулуп жатканын айтышты.