Радио

Акишев: бейтапка 7 саатта жеткиче дарыгерлер кан тамырды кол менен басып турушту

Улуттук госпиталдын кан тамырлар хирургиясы бөлүмүнүн дарыгери Жунус Акишев аймактык ооруканаларда кан тамыр хирургдары жок экенин айтты.
Sputnik
Акишев: бейтапка 7 саатта жеткиче дарыгерлер кан тамырды кол менен басып турушту

Февраль айы болгондуктан жолдо жай жүрдүк. Мен жеткенче жергиликтүү дарыгерлер кесилип калган кан тамырды колу менен басып турушту. Бул тууралуу Жунус Акишев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аймактарда кан тамыр ооруларына ылайыкташкан аспаптар да жок.

"Түнкү саат ондордо бизге Бакай-Ата районунан чакыруу келип түштү. Жети саат дегенде араң жеттик. Жүрөккө кеткен күрөө тамырдын жанындагы чоң кан тамыр кесилген экен. Жетип эле операцияны баштадык. Бактыга жараша ийгиликтүү өтүп, бейтап айыгып кетти. Биздин санавиациябызда тик учак жок болгондуктан, аймактарга ушундай чакыруулар болуп калганда автоунаа менен барабыз ", — деди Акишев.

Ал жок дегенде облустук ооруканаларды кан тамыр ооруларына керектелүүчү аспаптар менен жабдып, адистерди даярдоо зарыл экендигин кошумчалады.