Бизнестин башкы мыйзамы — убакыт жана каражат. Бул себептен адам жашоодо өзүнүн ким болорун аныктай албаса убакыттан уттурат. Мындай пикирин Асел Алымбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар бир адам биринчи кезекте эмнеге шыктуу экенин аныктап, так билип алуусу шарт.
"Учурда өзүн издеп, бул жашоодогу максаты эмне экенин таппай жүргөн адамдардын саны, тилекке каршы, көбөйүп баратат. Мага да бул маселе боюнча кайрылгандар көп. Адам биринчи кезекте эмнеге кызыгарын жана жашоодон эмнени күтөрүн так аныктап алышы керек. Өзүнө өзү ар кандай суроолорду берсе да болот. Бизнестин башкы мыйзамы — убакыт жана каражат. Ошондуктан ар бир адам өзүнүн жашоодогу ордун табуусу абдан маанилүү. Баарыбыздын ичибизде күчтүү бир нерсе жатат. Ошол нерсени табуу керек. Кээде адамар өзүнүн эмне каалап жатканын китептерден, же эргүү келген учурдан, же башына түшкөн кыйынчылыктан таап калышы да мүмкүн", — деди ишкер айым.
Ал адам издеген нерсенин баарын тапса боло турганын кошумчалады.