Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

Тилсиз жоону өчүрүүгө үч бригада тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Борбор калаанын Ахунбаев менен Абай көчөсүндө жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдүн 13-кабатында өрт чыккан. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Тилсиз жоону өчүрүүгө үч бригада тартылып, өрт саат 16.19да чектөөгө алынган.

Буга чейин да кырсык болуп, Бишкектеги ресторандын жарымынан көбү күйүп кеткен.