Автоинспектор менен жай жарандын автоунаасы кагышып, эне-бала каза тапты

Маалыматка караганда окуя таңкы саат 04.30дар чамасында Кемин районунун аймагында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бүгүн таңда Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда жай жаран менен Кайгуул кызматынын автоинспектору айдаган унаалары кагышып, ымыркай жана анын энеси каза тапты. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча Чүй облустук башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя таңкы саат 04.30дар чамасында Кемин районунун аймагында болгон.

"Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 85-чакырымында Toyota Avensis унаасы менен келе жаткан 30 жаштагы айдоочу жолдун каршы тилекесине чыгып кетип, Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын кызматкери айдап келе жаткан BMW-525 автоунаасын сүзгөн. Салондо аталган кызматтын дагы бир автоинспектору болгон", — деп жазылган маалыматта.

Бишкекте эки машина кагышып, балдар жабыркады. Жеринен тартылган сүрөт
Кырсыктан Toyota Avensis унаасында кетип бара жаткан 21 жаштагы келин менен бир жашар кызы каза тапкан. Алардын сырткары, айдоочу жана дагы эки жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Таратылган маалыматта BMW-525 унаасынын айдоочусу жана анын жанындагы автоинспектор Боом капчыгайында иштеп, кайтып келе жаткандыгы айтылган. Рулду башкарып бара жаткан кызматкер оор абалда реанимацияга түшкөнү, жанындагысы жаракат алганы кабарланды. Ал эми Toyota Avensis унаасынын айдоочусу үйлөнүү тойдон келе жатып, уктап кеткен дешти.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө, иликтөө иштери башталгандыгын билдиришти.

Бүгүн Ысык-Көлгө бараткан жолдо эки унаа кагышып, эки киши каза болгон.