Бишкекте курулуп жаткан үйдөн чыккан өрттүн себеби айтылды

ӨКМдин маалыматы боюнча өрт 14-кабаттан чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май районуна караштуу Ахунбаев менен Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулуп жаткан үйдөн чыккан өрткө жылуулук берүүчү агрегаттарды жана түзүлүштөрдү пайдаланууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Эскерте кетсек, кырсык тууралуу маалымат бүгүн түштөн кийин тараган.

“Өрт үйдүн 14-кабатынан чыккан. Окуя болгон жерге жалпы жонунан үч өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Саат 16.19да чектөөгө алынса, бир сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн”, — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ натыйжада 150 чарчы метр жердеги опалубка күйгөнүн белгиледи.