БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө абадан коргонуу күчтөрү машыкканын КР Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын маалымат кызматы билдирди.
Жоокерлер абадан сокку уруу боюнча аракеттерин Балыкчы шаарындагы "Эдельвейс" полигонунда көрсөтүштү. Машыгуу 27-30-июнь күндөрү өткөн.
Анда МИ-8 МТВ тик учагынан ракеталар жердеги бутага атылган. Ошондой эле тоо шартында тик учакты жерге кондуруу боюнча тажрыйбасын сынашкан.
Башкы штабдын маалымат кызматы мындай машыгуулар такай өткөрүлүп турарын кошумчалады.