Радио

Ырысов: ординатура аймактарда дарыгерлер жетишпегендиктен узартылды

Иса Ахунбаев атындагы КММАнын проректору, профессор Кеңешбек Ырысов ординатуралык окуунун узартылгандыгы арга жоктон жасалган кадам экенин айтты.
Sputnik
Ырысов: ординатура аймактарда дарыгерлер жетишпегендиктен узартылды

Ординатура аймактарда дарыгерлер жетишпегендиктен узартылды. Биз ата-энелерди түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Мындай пикирин Кеңешбек Ырысов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, студенттер үчүн мындай өзгөрүүлөр эч кандай зыян алып келбейт.

"Баарыбыз жакшы билебиз, аймактарда врачтар жетишпейт. Ординатурасынын бир жылын региондордогу ооруканаларда дарыгер болуп иштесе, студенттин өзүнө эле тажрыйба үчүн жакшы. Аймактарда иш орундар бош болгондуктан алар кадимкидей маяна алышат. Биз ата-энелерди түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз", — деди Ырысов.

Ал аймактарга жөнөтүлгөн бардык жаш дарыгерлердин социалдык маселеси жергиликтүү бийлик тарабынан чечилээрин кошумчалады.