Көк бөрү командаларынын сап башында турган "Достукту" билгендер арбын. Бирок ал команданы негиздеп, алты жыл оюнга чыгарып келген жетекчиси Мыктыбек Туташевди тааныгандар аз болсо керек. Эми ал күздө өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын курама командасын жетектейт.
— Көчмөндөр оюндарына даярдыктар башталдыбы? Улуттук команданын курамы качан белгилүү болот?
— Эмнеге оюнчулар үч командадан эле алынып жатат?
— Бул үч команданын тең деңгээли бирдей, улакчылары да, аттары да мыкты. Ошон үчүн Көк бөрү федерациясы жана команда жетекчилери менен кеңешип ушундай чечимге келдик. Ал эми башкы машыктыруучу болуп Каныбек Кубатов дайындалды. Ал тактикаларды жакшы өздөштүргөн, аябай тажрыйбалуу, "Бөрүлү" командасы анын жетекчилиги менен төрт жолу президенттин кубогун уткан. Былтыр Казакстандын улакчылары кандай ойногонуна байкоо жүргүзүп, ошого жараша курамды өзгөртүп, аттарды тандап, ыкмалар боюнча иштеп жатабыз.
— Көк бөрүдө жүргөндөрдүн арасында быйыл Көчмөндөр оюндарында байге аз коюлат экен деп нааразычылык болуп жатыптыр. Чынында эле ушундай маселе жаралдыбы?
— Бизге берилген маалыматтар боюнча 2016-жылдагыга салыштырмалуу бир топ эле аз экен. Улуттук оюндар боюнча дирекцияга эл бүйүр кызыткан оюн деп көк бөрүгө келип жатса, жылдан-жылга деңгээлин жогорулатуунун ордуна төмөндөтүү туура эмес болорун айтып кайрылуу жибердик. Мурункуда баш байгеге 3,5 миллион сом каралса, азыр 1,5-2 миллион сомдун тегерегинде көрсөтүлүп жатат. Буга күйөрмандар да нааразы болуп "эмнеге көбөйбөй кайра азайып кетти?" деп сурашууда. Жок дегенде көбөйтпөсө да мурункусу сакталышы керек эле. Биринчи орунду ким ута турганы Кудайдан. Бирок ушунча жылдан бери көк бөрү деп, өз чөнтөгүбүздөн команда машыктырып жүрөбүз. Анан чоң оюндарга келгенде аз байге коюп койсо, ызаланат экенсиң.
— Былтыр Астанадагы көк бөрү чемпионатында муляж тартылды эле. Мында кандай болот?
— Бул жагын Көк бөрү федерациясы чечет. Азыр муляжды, текени да дайындашууда. Бирок теке эле тартабыз го деп ойлоп турам. Өткөн жылы Ноорузда муляж тартылмай болгон. Бирок оюн башталганда эл аны тартып алып "биз мындай көк бөрү көрбөйбүз" деп бербей, теке алып келүүгө туура келген.
— Анда теке менен муляждын айырмасын түшүндүрүп берсеңиз?
— Муляжды канчалык жакшы жасабасын баары бир текедей болбойт. Формасы окшогону менен кээде ат жалына туруп, такымдаганда көтөрүлүп калган көк бөрүчүнүн бутун маңдайлаш келген аттар кайрып кетүү коркунучу көбүрөөк. Оор болот, жерден эңилиши кыйын, болжоп барып гана буту-колунан кармашың керек. Жалпы жонунан алганда ыңгайсыз. Текени колуң тийген жеринен эңип кетсең болот.
— Мындан кийинки маегибиз "Достук" командасы тууралуу болсун. Команда кантип негизделди эле?
— Аттарды кайсы жактан сатып аласыздар?
— Ар кандай болот, аргымак жагып калса баасына да карабайбыз. Аламан улактан бир атка көзүбүз түшүп калса ээсин ээрчийбиз. I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Байыш Ниязов минип чыккан "Япончик" деген ат эң кымбат болуп 26 миң долларга алганбыз. Андан кийинкилери 10-15 миң доллар, кээде 200 миң сомго да чыгып калат. Жергиликтүүлөрдөн сырткары Россия, Казакстандан келген аттар бар.
— Ал эми оюнчулардын жылдык келишими кандай?
— Улакчыларга 100 миңден 400 миң сомго чейин төлөп беребиз. Бирок баары эле келишим менен ойнобойт. Ал эми уткан байгени ортого коюп ат багар, саяпкерлерди кошуп баарына тең бөлөбүз. Өзүмө калса калат, болбосо мээнет кылган балдарга жетсин дейм.
— Сиздерге мамлекет тарабынан каржылык колдоо болбосо, мелдешке коюлган байгелер деле анча эмес. Каражатты кайдан аласыздар?
— Башында кыйналып жүрдүк. Элге көрүнүп жакшы ойной баштагандан кийин дос-курдаштар колдоо көрсөтүп бирөө ат сатып берсе, экинчиси бир оюнчуну каржылап мага да жеңил болуп калды. Мамлекет жок дегенде алдыңкы командалардын аттарына жем-чөп, ат таптагандарды айлык менен камсыздаса жакшы болмок. Ушунун айынан чыгымына чыдабай күчтүү командалар таркап кетүүдө. Биздики деле демөөрчүлөрдүн көмөгү менен кармалып турат.
— 9-майдагы мелдештин алдында бир тууган Ниязовдор "Достуктан" чыкканы айтылып, Манас Ниязов оюнга бир күн калганда келген. Кандай келишпестиктер болду эле?
— Ачыгын айтыш керек, анча-мынча таарыныч болду. Байыш — команданын капитаны, Кыяз — коргоочу. Алар мурда жаракат алган, 9-май өтө жооптуу оюн болгондуктан дем алып тургула деп кийинки турнирге катышууну сунуштаганда таарынып калышты. Манас таарынбаса дагы бир туугандарына күйүп жүрдү да.
— Учурдун мыктысы болуп турган Манас Ниязов алгач командага келгенде кандай эле?
— "Ынтымак" командасы менен финалда көп жолу кезигесиздер. Алар менен мамилеңиздер кандай?
— Оюн талаасынан ары чыкканда чогуу эле жүрүп, тамактанып турабыз. Жетекчилери менен доспуз. Жазда "Достук" менен "Ынытмактын" алты-алтыдан оюнчусун аралаштырып футбол ойнодук. Ал мелдешти күздө да өткөрөлү деп жатабыз.
— Көк бөрү кооптуу оюн, жаракат алган учурлар көп болсо керек…
— Аттын жакшы сапаты — жыгылган кишини тебелебейт. Өзү жыгылса да адамды баспайт. 2016-жылы 9-майдагы мелдеште бир улакчынын буту, экинчисинин колу сынып, үчүнчүсү басалбай эки бутун сүйрөп травматологияда жүрдүк. Бул маалда ипподромдо көк бөрү болуп жаткан. Аларды гипстетип, массаж жасатып алып кайра келген жайыбыз бар.
— Соңунда үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
— Эки уул, эки кызым бар. Улуу балам мага жардам берип жанымда. Андан кичүүлөрү мектепте окушат. Өзүм 6 уул, 6 кыздын арасында чоңойдум. Агаларым да улак тартат. Бала чагым Өзгөн районунун Көлдүк айылында өттү. Бишкекке 1995-жылдары келип базарга чыгып соода-сатык менен алектенгем. Учурда бир кафени иштетебиз.