"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бу жолку чыгарылышында келини кете берип тажаткан кайнененин арыз-муңу айтылат.
Меникиндей кырдаалга көп эле эне тушукса керек. Баарына жарыя кылбай эле коеюн десем да болбой койду. Улгайган аялдар деле психологго кайрыларын угуп мен да башыман өтүп жаткан окуяны айтып, кеңеш сурап көрүүнү туура көрдүм.
Жаш өткөндө адамга жылуу сөз менен эле сый керек болуп калат экен. Абышкамдын жылдыгын бергенден кийин эле келин алдык. Жалгыздык сезим келин алгандан кийин эле өтүп кетет го дегем. Анын үстүнө тун уулум үйлөндү деп кубанычым койнума батпай абдан сүйүнгөм.
Бирок келиним мен ойлогондой болбой калды. Ар бир адамда кыял-жорук болот дечи, анын үстүнө жаңы бүлө болуп келгенде эле баарына көнүп кете албайт да. Башында сүйлөбөй кабагы ачылбай жатса "көнө албай жатат го" деп койгонбуз. Ачык-айрым сүйлөшкөн жаныбыз бир нерсе сурасак тыңыраак жооп бербей, оозунун учун эле кыймылдатып койчу. Балам баш болуп баарыбыз көзүн карадык. Бир жарым жылдан кийин неберелүү кылып сүйүнттү. Сүйлөбөсө да мейличи деп, неберемдин жытына мас болуп жүрдүм. Бирок аны да мага ыраа көргөн жок. Кучактап алып бөлмөсүнөн чыкпайт, мага таштап кетпейт. Көтөрүп эркелетсем "эмизет элем" деп алып кирип кетет, айтор, менден баласын кызгангандай эле сезилди. Балам кечке жумушта, неберем болуп үчөөбүз эле калабыз, тыңгылыктуу чай бербей бөлмөсүнө кирип кетет. "Кой, эмчек эмизип жаткан немеге" деп тамагын жасап, киримди да өзүм жууп койчумун.
Кадиян Бообекова, психолог
Мындай учур көп эле үй-бүлөдө кездешет. Кайнене менен келиндин ортосундагы көйгөй башынан эле келе жаткан көрүнүш. Бул аял күнөөнүн баарын келинине артып койгондой. Бирок ал өзүн да бир сыйра текшерип көрүшү керек. Себеби күнөө бир эле адамдан кетпейт. Келинге кызыңдай мамиле жасап боорго тартсаң катуу адам деле жибийт эмеспи. Анын үстүнө балдар бири-бирин жакшы көрүп үйлөнгөндөн кийин аларды пикир келишпестиктен эле ажыраштырып салуу акылга сыйбаган иш болот. Ал тууралуу таптакыр ойлонбосун.