Туфлисин 10 миң тенге менен сүрткөн бала казак элинин кыжырын кайнатты. Видео

Интернет колдонуучулардын бири казакстандыктардын басымдуу бөлүгү 10 миң теңгени чоң эмгек менен табаарын жазды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Казакстандыктар 10 миң теңге номиналындагы акча менен бут кийимин сүртүп койгон жигиттин видеосуна нааразы болуп жатышат. Бул тууралуу Тотал порталы жазып чыкты. 

Facebook тармагынын колдонуучуларынын бири бала той учурунда туфлисин акча менен сүртүп жаткан видеону жүктөп, "бул жигит бутун казак акчасы менен тазалап койду. Обужоктуктун жаңы түрүбү?", деп жазган.

Айжан Асемова: энесинин эркелери менен көпкөн мырзалар мени кызыктырбайт
Окуя кайсы бир ири салтанатта болуп жатканын көрүүгө болот. Ал камера алдында бутун арчыган акчаны бырыштырып туруп жерге ыргытат. Андан кийин видеого тартып жаткан адам банкнотаны ары жакка тээп коет.

Интернет колдонуучулардын айрымдары өлкөнүн символикаларын кордогон баланы сот жоопкерчилигине тартыш керектигин айтса, дагы бири "бул концелярдык дүкөндөн алынган муляж болушу мүмкүн" деп чыкты. Дагы башкалар казакстандыктардын басымдуу бөлүгү 10 миң тенгени чоң эмгек менен табаарын кошумчалады.