Instagram сервисинде музыкалык функция пайда болду

Бул функция тиркемени жаңылаганда иштей баштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Instagram фотосервисинин колдонуучулары мындан ары Stories бөлүмүнө жүктөгөн постторун музыка менен коштой алат. Жаңы функция тууралуу социалдык тармактын расмий сайтында жарыяланды.

"Мындан ары кандай гана пост болбосун, ага өзүңүзгө жаккан музыканы саундтрек катары коюп койсоңуз болот", — деп айтылат билдирүүдө.

​Stories бөлүмүнө музыка киргизүү үчүн стикерлер кнопкасын бассаңыз, ар кайсы тематикадагы чыгармалар сунушталат. Алардын арасынан өзүңүзгө жакканын тандашыңыз керек. 

Сиз тандаган музыка сүрөттү же видеону ар бир көргөн сайын жаңырып турат.