Бишкекте эки машина кагышып, балдар жабыркады. Жеринен тартылган сүрөт

Жабыркаган балдар ооруканага жеткирилди.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкекте 29-июнь күнү кечинде эки автоунаа кагышканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди. 

ДТП с участием двух автомобилей в Бишкеке

Ага ылайык, жол кырсыгы кечки саат 23:00дөр чамасында Ахунбаев менен Токтоналиев көчөлөрүндө болуп, Toyota Camry менен Honda Stepwgn кагышкан.

Бишкек шаардык милициясы маалыматты тастыктады. Ал эми шаардык Тез жардам кызматы жол кырсыктан 13 жаштагы эки өспүрүм жабыркаганын билдирди. Алар балдардын шаардык №3 ооруканасына жеткирилген.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.