Жогорку Кеңеште оппозиция барбы? Төраганын жообу

Спикер Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште оппозиция бар экенин төрага Дастан Жумабеков маалымат жыйында билдирди.

Жумабеков журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

"Биздин парламентте оппозициялык эки фракция бар. Алар өкмөттү туура эмес жасаган иштери үчүн дайыма сындап турат", — деди төрага.

Учурда Жогорку Кеңеште алты фракция бар. Анын төртөө көпчүлүк коалицияга кирген.