Айтышаарга теңи табылбаган Жеңижок акынга арналган айтыш өтөт

Финалга 16 акын тандалып алынат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Аксы районунун Кара-Суу айылында "Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышаарга теңи жок" аттуу акын Өтө Көкө уулуна арналган республикалык айтыш өтөт. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондусунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.

Анын айтымында, иш-чара 14-15-июль күндөрү саат 10.00дө өтөт.

"Айтышка өлкөдөгү бардык акындар катыша алат. Биринчи жана экинчи айлампалары баллдык системада, жарым финал жана финал болуп өтөт. Упай тең болуп калган учурда төкмөлөрдүн улуусуна жол берилет", — деди Маратов.

Асылбек Маратов: Элмирбек агайга берилген сыйлыкка ичим ачышкан
Айтышкан акындар ырынын көркөмдүүлүгү, төкмөлүк шыгы, уйкаштыгы, оюнун тереңдиги, аткаруучулук чеберчилиги, сахна маданияты, кийиминин салттуулугу боюнча бааланат.

Сынактын байге фондусу 500 миң сомду түзөт.

Иш-чара "Айтыш" коомдук фондусу жана Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан уюштурулууда.