Жалал-Абадда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 40 саан уй таратылды

Колдоого муктаждарды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тизмелеп берген.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 40ка жакын үй-бүлөгө саан уй берилди. Бул тууралуу "Ас-салам" кайрымдуулук фондусунан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, уйлар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен аталган коомдук фонддун мүчөлөрүнүн катышуусунда таратылган.

1 / 2
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 40ка жакын үй-бүлөгө саан уй берилди.
2 / 2
Билдирүүгө караганда, уйлар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен аталган коомдук фонддун мүчөлөрүнүн катышуусунда таратылган.

"Атасынан эрте ажыраган балдар жок дегенде сүт сатып албай кенен ичсин деген максат көздөлдү. Колдоого муктаждардын тизмесин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү берген", — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, аталган фонд былтыркы жылы да Нарын облусунун аз камсыз болгон 250 үй-бүлөсүнө бирден музоолуу уй тапшырган.