Ысык-Көлдө 12 жашар кызды зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Окуя Чолпон-Ата шаарында ушул жазда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Ысык-Көл райондук соту 12 жашар кызды зордуктаган 53 жаштагы кишини өмүр бою эркинен ажыратканын Sputnik Кыргызстан агенттигине облустук соттун маалымат кызматынан билдиришти.

Сот отуруму өткөн бейшемби күнү болду. Айыпкерди Кылмыш жаза кодексинин 129-беренеси (Зордуктоо) менен жоопко тартышты.

Бул окуя Чолпон-Ата шаарында 25-март күнү болгон. Эртеси күнү эле жабырлануучунун энеси милицияга арыз менен кайрылган.