Telegram колдонуучулары үчүн бир нече пайдалуу функциялар ишке кирди

Telegram тиркемесин жаңылоо менен функцияларды колдонууга болот.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Telegram мессенджери колдонуучулар үчүн жаңы функцияларды ишке киргизди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазып чыкты.

"Эми чатка келген билдирмелердин окулганын же окулбаганын белгилеп койсо болот. Ошондой эле үн жана видео жазылмаларды көрүп, угууну тездетүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Жиберилген сүрөттү башкага алмаштырып койсо дагы болот", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин, 27-июнь күнү колдонуучулар Telegram каналы жакшы иштебей жатканын айтып нааразы болушкан.