Өзбекстанда коррупцияга малынган делип 1200 салыкчы иштен алынды

Салык органдарында кызматтык териштирүү жүрүп, адистер жапырт жумуштан кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Өзбекстанда коррупция боюнча айыпталган 1200 салыкчы кызматынан алынганын Sputnik Өзбекстан агенттиги өлкөнүн Мамлекеттик салык комитетине таянуу менен жазып чыкты.

Паранын 80 миң сомун аялынын эсебине котортуп койгон инспектор кармалды
Салык органдарынын кызматкерлери ишкердүүлүккө тоскоолдук кылганы тууралуу маалыматтардын социалдык тармактарга жарыяланышынан кийин териштирүү башталып, натыйжада мыйзам бузуулар тастыкталган.

Комитет салык органдары тарабынан мыйзамсыз аракеттерге туш болгон жарандарга дароо билдирүү жасоону эскертет.

Белгилей кетсек, май айында Салык комитетин 2004-жылдан бери жетектеп келген Батыр Парпиев жумуштан кеткен.