Радио

Сарыбаев: Кытайга жер бербейбиз, болгону алар үчүн иштеп калабыз

Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев Кыргызстан демократияны үйрөнгөнү менен экономиканы өздөштүрө албай жатканын айтты.
Sputnik
Сарыбаев: Кытайга жер бербейбиз, болгону алар үчүн иштеп калабыз

Кытайга жер бербейбиз, болгону алар үчүн иштеп калабыз. Бул тууралуу Айылчы Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде тышкы карыз тууралуу маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, карыздан кутулуу боюнча дүйнөлүк практика ушундай.

"Эч качан бир дагы өлкө бөлөк өлкөнүн экономикасы өнүгүп кетсин деп ойлобойт. Ар бир мамлекет өз элине кам көрөт. Тышкы карыз үчүн Кытай жерибизди алып коет деген туура эмес. Биз салык төлөп чогулткан бюджеттен эле төлөнөт. Биринчи жылы бүтпөсөк экинчи жылы төлөйбүз. Ошентип Кытай үчүн иштеп калабыз", — деди Сарыбаев.

Ал Кыргызстан демократияны үйрөнгөнү менен экономиканы өздөштүрө албай жатканын кошумчалады.