БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыздын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, бирок маркумдун атасы Турдали Кожоналиев аны менен макул болгон жок. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, маркумдун жакындары кыздын денесине кескиленип жазылган “Н+Б=Х” деген жазуу болуптур деп жатышат. Бирок эксперттер сөөктө мындай жазуу болбогонун, бир гана сол көкүрөгүндө жандандыруу учурунда колдонулган дефибриллятордун изи калганын айтышкан.
“Бурулайдын атасы жана анын жактоочулары сөөктү эксгумация кылып, кайра экспертиза жүргүзүүнү талап кылып жатышат. Бирок Турдали Кожоналиев сөөктү казуу же казбоо чечимин маркумдун кыркы өткөндөн кийин тиешелүү адамдар менен кеңешип туруп кабыл аларын айтты”, — деп жазылат билдирүүдө.
20-июнь күнү шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилгени белгилүү болгон.