Бишкектик сүрөтчү келин эне жөнүндө эмгектери менен интернетти жарды. 10 сүрөт

Sputnik

Кыргызстандык сүрөтчү келин Жылдыз Бекова интернетке өзүнүн сүрөттөрүн жайгаштырды.

Баланын сүрөтүндөгү жазуу: "Апаңарды түшүңөрдө да таарынтпагыла"
Жаш келин сюрреализм, психоделика, ал тургай киберпанк агымында да тартат. Көптөрдү анын "Эне болуш кандай" деген темадагы эмгектери кызыктырган.

Жылдыз — Арина жана Камилла аттуу эки перзенттин энеси.

Сүрөтчү башка миңдеген, миллиондогон энелер күнүгө эле күбө болуп, аралашып келе жаткан учурларды чагылдырган. Ал эне болуунун күлкүлүү, түйшүктүү учурларын чагылдырган.

1 / 10
Бишкектик сүрөтчү келин эненин түйшүгү жөнүндө эмгектери менен интернеттегилердин кызыгуусун жаратты
2 / 10
Жылдыз Бекова Бишкек шаарындагы Борис Ельцин атындагы Кыргыз-славян университетин кызыл диплом менен, "дизайнер-архитектор" адистигин аяктаган
3 / 10
Жылдыз — ар тараптуу сүрөтчү
4 / 10
Сюрреализм, психоделика, ал тургай киберпанк агымында да тартат
5 / 10
"Мен энемин" деп аталган эмгектери элге өзгөчө жакты
6 / 10
Жылдыз ата-энелердин жашоосун көрсөтүп берген
7 / 10
Сүрөттөрдүн прототиби – өзү
8 / 10
Күйөөсү экөө эки кызын тарбиялап жатышат
9 / 10
Ал эне болуунун күлкүлүү, түйшүктүү учурларын чагылдырган
10 / 10
Сүрөттөр кыргызстандыктар эле эмес, чет өлкөлүктөрдүн да мактоосуна арзыды.