Ош шаарынын чок ортосунан кан болгон табыт табылды. Сүрөт

Табыттын үстү ачылып, ичи кан болуп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Ош шаарынын тургуну бүгүн, 29-июнда, эртең менен ишке баратып, таштандыга ыргытылган табытты көргөн. Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.

1 / 2
Ош шаарынын тургуну бүгүн, 29-июнда, эртең менен ишке баратып, таштандыга ыргытылган табытты көргөн.
2 / 2
Шаардык милициясынын маалымат кызматы бул фактыны тактап жатканын айтты.

"Белгисиз бирөөлөр таштанды челектеринин жанына бош табытты таштап кетиптир. Адамда кандайдыр бир тарбия болушу керек го! Таң атпай табыттын жатканын көргөндөр кандай абалда калды болду экен", — деди күбө.

Шаардык милициясынын маалымат кызматы бул фактыны тактап жатканын айтты.