Зарылчылык жаралганда аймактарга авто унаа менен барып операция жасоого аргасызбыз. Санавиациябызда тик учак жок. Бул тууралуу Таалайбек Байсекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, алыскы аймактарга кан тамыр дарыгери керек болуп калган учурда машина менен жөнөтүшөт.
"Союз мезгилинен аты санавиация деп аталып калганы менен карамагыбызда тик учак жок. Талас, Нарын башка облустарыбызга биздин дарыгерлер керек болуп калганда автоунаа менен жиберебиз. Мисалы мындай учурларда кошуна өлкөлөр ӨКМ менен кызматташат. Облустун деңгээлинде кан тамыр хирургиялык бөлүмдөр ачылса жакшы болмок, бирок аны жабдуу маселеси көп каражатты талап кылат", — деди Байсекеев.
Ал Ош облустук ооруканасында да бул бөлүм жаңы ачылып, түштүк аймагын тейлей баштаганын кошумчалады.