Радио

Куралбекова: Айтматовдун 90 жылдыгына тийиштүү көңүл бурулушу керек

"ЖКда Айтматовдун 90 жылдыгына карата депутаттардан жаштарга белек" акциясынын автору" Индира Куралбекова белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мааракесине Кыргызстанга караганда башка өлкөлөр жакшы маани берип жаткандыгын айтты.
Sputnik
Куралбекова: Айтматовдун 90 жылдыгына тийиштүү көңүл бурулбай жатат

Айтматовдун 90 жылдыгына тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат. Бул биз үчүн уят иш. Мындай пикирин Индира Куралбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, улуу жазуучунун бул мааракесине Кыргызстанга караганда башка өлкөлөр жакшы даярдык көрүп, алгылыктуу иштерди жасап жатышат.

"Дүйнөгө кыргызды тааныткан залкар инсандын 90 жылдыгын жыл башынан бери белгилеп отурушубуз керек болчу. Шаарда ага арналган эч бир көрнөк-жарнактар көрүнбөйт. Бардык иштер күз айларында башталат дешет, бирок биз бүтүндөй бир жыл бою ушул улуу залкардын юбилейинин алкагында ар кандай иш-чараларды өткөрүп турушубуз керек эле. Кошуна мамлекеттерди карасаңыздар, Чыңгыз Айтматовдун атын көчө, сейил бак жана башка жерлерге ыйгарып жатышат. Ал тууралуу китептер жазылып, тасмалар тартылууда. Биз кадырына жетпей жатабыз", — деди Куралбекова.

Ал бул багытта өкмөт, тиешелүү министрликтер ыкчам иш алпаруусу керектигин кошумчалады.