Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу качан пайдаланууга берилери айтылды

Ири долбоорду кытайлык China Roud and Bridge компаниясы ишке ашырып жатат.
Sputnik

ЖАЛАЛ-АБАД, 28-июн. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолун 2022-жылы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин "Кыргызжолтрансдолбоор" институтунун инженери Кубанычбек Маманов билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта курулуш иштери жарым-жартылай бүтүп калды.

"Жалал-Абад шаарынан Казарманга чейинки аралыктын 67 пайызы, Казарман менен Аралдын ортосундагы жолдун 59 пайызга жакыны аяктады. Ал эми Арал жана Кызыл-Жылдыздын ортосу толугу менен бүттү. Ошондой эле донорлор менен келишим түзүлүп тендер жарыяланган участоктор бар. Жалпы жолдун курулушу жарым-жартылай аяктап калды. Буюрса аталган ири долбоор 2022-жылы толук соңуна чыгып пайдаланууга берилет", — деди Мамаев.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарынан Балыкчыга чейинки альтернативалуу жолдун курулушу 2014-жылы башталган. Анын жалпы узундугу 433 чакырым болуп, эл аралык донорлор тарабынан каржыланууда. Ал эми ири долбоорду кытайлык China Roud and Bridge компаниясы ишке ашырып жатат.