Милиция: түрмөгө алып келинген тоок грилден баңгизаты табылды

Шектүүлөр абактагы таанышына келишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Сокулук РИИББинин убактылуу кармоочу жайына тоок грилдин ичине баңгизатын катып кирүүгө аракет жасалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден кабарлашты.

Милициянын маалыматына караганда, 5-июнь күнү кечке жуук РИИБдин имаратынын жанындагы унааны текшерүү учурунда баңгизаты табылган. Анын айдоочусу менен жүргүнчүсү убактылуу кармоочу жайдагы таанышына келгени аныкталган.

1 / 2
Сокулук РИИББинин убактылуу кармоочу жайына тоок грилдин ичине баңгизатын катып кирүүгө аракет жасалды
2 / 2
Милициянын маалыматына караганда, 5-июнь күнү кечке жуук РИИБдин имаратынын жанындагы унааны текшерүү учурунда баңгизаты табылган

"Милиционерлер камакта отургандар үчүн алып келинген тоок грилди текшергенде ичинен пакетке салынган 13 грамм кара куурай менен 2 грамм героин табылды", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 246-беренси (мыйзамсыз негизде баңгизатын алуу, сатуу, жөнөтүү) боюнча кылмыш иши козголду.