БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Борбор калаада Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында Султан Раевдин "Маң" драмасынын негизинде даярдалган спектакль көрүүчүлөргө тартууланат. Бул туурасында аталган театрдан кабарлашты.
Драма залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын театрга ылайыкташтарылып жазылган версиясы.
Чыгарманы сахнага Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык драма театры алып чыккан.
"Маң" айтматовдук идеяны материлизациялап, таптакыр башкача чечмелейт. Драмада жети эркек менен үч аял каарман. Бул чыгарманын өзөгүн Казангаптын өлүмү, башкача айтканда, анын сөөгүн ыйык жайга алып бараткандагы сюжет түзөт. Айтматовдук маңкурт күч колдонуу менен аң-сезимден айрылса, бул каармандар акылдан азган дүйнөнүн адам-элементи катары, бузулган коомдун философиясын алып жүргөн аты да, заты да белгисиз типаждардын галереясын түзөт", — деп айтты чыгарманын автору.
Театрдан спектакль көрүүчүлөргө саат 17:00дө бекер тартууланарын билдиришти.