Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иши кыскартылды

Бишкек шаардык соту "коррупция" беренесин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесине алмаштырган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси "Коррупция" боюнча козголгон кылмыш иши 303-беренеге "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деп өзгөртүлүп, кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен иш кыскартылды. Мындай чечимди бүгүн, 28-июнда, Бишкек шаардык соту кабыл алганын Исаевдин жактоочусу Сергей Слесарев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ошондой эле Исаев менен чогуу айыпталып жаткан мурдагы вице-мэр Болот Имамадиев менен Токмок мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын экс-жетекчиси Мирлан Эсенбеков иш кыскаргандыктан сот залынан бошотулган. Ал эми Исаев бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча айыпталгандыктан камакта калган.

Кубанычбек Кулматов дагы эки ай камакта калтырылды
Белгилей кетсек, Канат Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга соода борборун куруу үчүн берген деп айыпталган. Ал ошондой эле мэриядагы жооптуу кызматтарды ээлеген адамдар менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген деп айыпталган.

Кийин Башкы прокуратура буга чейин Чүй облустук прокуратурасында жоголуп кеткен кылмыш ишин калыбына келтирген. Иш 2010-жылы козголгон болчу.

Материалдарга караганда, Исаев Токмокто мэр болуп турган кезинде №1 борбордук китепкана системасынын Токмоктогу филиалын төмөндөтүлгөн баада жеке менчикке өткөрүп жиберген. Аталган китепкана 500 чарчы метрлик участогу менен кошо 572 миң 116 сомго сатылганы белгиленген.

Мындан тышкары, Канат Исаев массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыпталып, белгисиз мөөнөткө камакка алынган. Ал иш боюнча тергөө уланууда.