БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Москвада жолдун четиндеги элди койдуруп алган кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулунун үй-бүлөсүнө каржылык жардам көрсөттү. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, каражат төраганын фондусунун бөлүнөт.
"Жолугушуу учурунда спикер окуя тууралуу маалымат алып, Чыңгыз Анарбек уулунун туугандарына 100 миң сом тапшырды. Алар берилген каражатты жол кырсыгынан жабыркагандарга жөнөтүүнү көздөшүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаракат алгандарды Кыргызстанга келип ден соолугун чыңдап кетүүгө чакырган. Ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москвага барып бейтаптардын абалы менен таанышып келген. Окуяны президент Сооронбай Жээнбеков да көз жаздымда калтырган эмес.