Үч буттуу аюу өлүп калбай, жашап кетип, мамалактуу да болгон. Видео

Табиятта алты саны аман эмес ургаачы жаныбарлардын тукум улоосу сейрек көрүнүш.
Sputnik

Кытайдын Гуйчжоу провинциясындагы ири улуттук корукта башка жаныбарлар менен кошо үч буттуу аюу видеокапканга түшүп калган.

Улар үнүн уккан барбы? Ысык-Көлдүн тоолорундагы камерага улар түшүп калды
Бул туурасындагы видео YouTube каналына жарыяланды.

Аталган жайды сейрек кездешкен бир топ жаныбарлар: үрпөктүү бугу, күмүш кыргоол, индия бугусу жана гималай аюусу байырлайт.

Видеодон фотокапканга буттап аксап жүргөн аюу мамалагы менен кошо түшүп калганын көрүүгө болот. Табиятта алты саны аман эмес ургаачы жаныбарлардын тукум улоосу сейрек көрүнүш.

Буга чейин интернетте Норвегиянын Шпицберген аймагындагы мейманкананын кампасына кирген ак аюу татуу азыктарды жеп качып баратканда терезеге тыгылып калганы тараган.