Брэд Питт жаңы образы менен таң калтырды. Тасма учурунда тартылган сүрөт

Алдын ала маалымат боюнча жаңы кино 2019-жылы экранга чыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Актер Леонардо ди Каприо Брэд Питт менен "Однажды в Голливуде" аттуу кинону тартуу учурунда чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады. Белгилей кетсек, тасманын режиссеру Квентин Тарантино.

Ди Каприо сүрөттү өзүнүн Instagram баракчасына жайгаштырган. 

Көптөгөн колдонуучулар Брэд Питтин жаңы образын аябай жактырышкан. Айрымдары анын образы бир топ өзгөрүп кеткендиктен дароо эле тааный алган эмес.

Ди Каприо менен Питт тасмада башкы ролду ойноп жатышат. Ошондой эле бул тасмада актерлор Марго Робби, Дакота Фаннинг жана Аль Пачино да тартылууда.

Алдын ала маалымат боюнча тасма 2019-жылы экранга чыгат.