Балдарды мектепке даярдоо үчүн өлкө боюнча 4,5 миң класс ачылды

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп жашына чейинки балдарды окутуу өлкөнүн билим берүү саясатындагы артыкчылык берилген багыттардын бири экенин кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кыргызстан боюнча балдарды мектепке даярдай турган 4,5 миң класс ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

1 / 4
Кыргызстан боюнча балдарды мектепке даярдай турган 4,5 миң класс ачылды
2 / 4
Өлкө аймагында "Мектепке чейинки билим берүү" долбоору аяктады.
3 / 4
Ал Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган
4 / 4
Бул долбоор 2014-жылы башталган.

Ага ылайык, өлкө аймагында "Мектепке чейинки билим берүү" долбоору аяктады. Ал Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган. Бул долбоор 2014-жылы башталган.

"Долбоорду ишке ашырууда Кыргызстандын көп аймагында балдар бала бакчаларга тартылып, мектепке чейинки билим берүү программасы менен тааныша алды. Аны менен бирге мектеп менен бала бакчаларда билим берүүнүн сапаты жакшырган. Ошондой эле окутуучулар билимин жогорулатып, сынамык долбоорлор ишке ашкан", — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп жашына чейинки балдарды окутуу өлкөнүн билим берүү саясатындагы артыкчылык берилген багыттардын бири экенин кошумчалады.