БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз айылында ЗиЛ унаасы 16 жаштагы баланы коюп кеткенин облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 26-июнь күнү болжол менен саат 14.40тарда болгон.
"Окуяга Каракол шаарынын 25 жаштагы тургуну кириптер болгон. Анын айтымында, бала жолго чуркап чыга калган. Коюп кеткенден кийин ал өспүрүмдү Каракол шаардык ооруканага алып барган", — дешти милициядан.
Алган жаракатынан бала ооруканада көз жумган. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 281-беренесинин (Жол эрежесин бузуу жана киши өлүмүнө себепкер болуу) негизинде кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалды.