Жээнбеков: коррупциялык күрөшкө жамынып саясий атаандаштардан өч алуу болбойт

Учурда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттары менен элге кайрылу жасап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште жасаган кайрылуусунда коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон каларын айтты.

Бул күрөштүн алгачкы натыйжасын — мамлекеттик кызматтын, бизнестин, коомдун өзгөрө баштаганын эл өз көзү менен көрүп, жеке турмушунда сезиши зарылдыгын белгиледи.

"Антикоррупциялык күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт. Бул күрөш эч качан саясий өңүттө болбойт, ал мыйзам бузууларга, экономикалык кылмыштуулукка каршы жүргүзүлөт. Коррупцияга каршы күрөшкө тартылган күч структуралары өздөрү мыйзам бузуудан алыс болууга тийиш. Алардын ишинде мыйзамдуулукту сактоодон өткөн ыйык нерсе жок болушу керек", — деди Жээнбеков.

Жээнбеков: өлкөдөгү коррупциядан улам инвестиция башка өлкөлөргө кетти
Президент өз сөзүндө мыйзам бузган адам ал ким экендигине карабастан, өзгөчө бюджетке кол салгандар сөзсүз түрдө жазаланууга тийиш экенин айтты.

"Кыңыр иш кырк жылда билинет дейт элибиз. Азыркы технологиялар заманында уурулук тез эле ашкере болот. Мамлекеттин укуругу узун. Жооп берчү күн келээрине эч кимдин күмөнү болбосун!" — деди өлкө башчысы.

Андан сырткары, 1-июлдан тарта президенттин аппаратынын, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, Сот жана укук коргоо органдарынын декларацияларын текшерүү башталарын кошумчалап, ар бир чиновкник таман акы, маңдай тери менен тапкан кирешесине жараша жашашы керек деди.