Бишкектин маршруткасында үн коштогуч система иштей баштады. Видео

Атайын система жүргүнчүлөрдү чүнтөкчүлөрдөн сак болууга чакырып, пенсионерлер менен кош бойлуу келиндерге орун бошотуп берүүнү эскертип турат.
Sputnik

Борбор калаадагы №100 маршрутканын жүргүнчүсү салондон Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналына видео жиберди. Тасмадан үн коштоо системасы чүнтөкчүлөрдөн сак болууга чакырып, пенсионерлер менен кош бойлуу келиндерге орун бошотуп берүүнү эскертип жатканын угууга болот. Мындан сырткары, окурмандын айтымында, система ошондой эле аялдама менен жолдун кесилиштерин айтып турат.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.