Сабанын түбүн какшытпайт! Кымызга байланыштуу 6 "болбойт"

Үркөр чыккычакты деп азыр элдин көбү бээнин сүтүн ичкени жайлоолоп жүргөн кези. Жылкылар желеге байланып, бээ саай баштаганда үй ээси кошуна-колоңду чакырып "саба бузуу", "кымыз бузуу" деп чакырат. Ал эми айылдын нарктуу байбичелери кымыздын алгачкысын кулундардын, айгырдын жал-куйругуна сүйкөп, үй ээсине жакшылык каалаган.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет кымызга байланыштуу болбой турган нерселерди тизмектеди. Аларды бизге Ат-Башы районун жайлоого чыккан тургундары айтып берип, айрым тыюулар этнопедагог Абдыкерим Муратовдун эмгегинен алынды.

Кымызды бөксө кылып куюп бербейт. Кымызды бүкчүңдөтүп бербей кесеге толтура кылып куюп берүү илгертен келе жаткан элдик маданият.

Бээнин сүтү менен дарылануу – 2018: Кыргызстандагы сүт ичкен жерлер жана баалары
Катып ичпейт, аябайт. Жайлоодо бээ байланган үй кездешсе жолдон өтүп бара жаткан киши да кымыз ичкени үмүт кылып кирет. "Актын анты жаман" деген элибизде кеп бар. Мындан улам үй ээси жок дегенде кымыздан ооз тийгизгени оң.

Төкпөйт. Кымыз кокус төгүлүп кетсе, малдын желини чочубасын деген максатта төгүлгөн жеринен ага кол тийгизип кийимдердин жакасына сүртүп коюш керек деген ишеним бар.

Сабанын түбүн какшытпайт. Бирөөгө куюп бергенде сабанын түбүндө жок дегенде көрөңгө калыш керек. Антпесе бээнин сүтү кымыз болбойт.

Сабадагы кымыздан үй ээси ооз тиймейин башка бирөөгө бербейт. Алгач кымызды кожоюн даамдап көрүшү керек. Кымызды бирөөлөргө куюп берип жатканда үй ээси "ырыс оошуп кетпесин" деп толгон идиштин оозунан бир аз куюп алат.

Сүттү коюп койбойт. Кымыз жасоонун эрежеси боюнча аны бышат. Жаңы саалып келген сүттү көпкө чейин чакага коюп койбой, дароо сабага куюп бишкек менен үстүнөн бышып туруш керек. Канчалык көп бышса, даамы чыгып бал кымыз болот деп айтышат.