Оозунан жулдургандай болду! Германиялык футболчулар үйүнө кайтты

Германиялык футболчулар Түштүк Кореядан 2:0 эсебинде жеңилип калды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Футбол боюнча дүйөнүн учурдагы чемпиону, Германиянын курама командасы тайпадан чыкпай туруп, Россиядагы биринчиликти таштап кетти.

Тагдыр чечкен беттеште германиялыктар Түштүк Кореядан 2:0 эсебинде жеңилип калды. 

1 / 4
Футбол боюнча дүйөнүн учурдагы чемпиону, Германиянын курама командасы тайпадан чыкпай туруп, Россиядагы биринчиликти таштап кетти
2 / 4
Оюн соңуна чыгарына аз калганда кореялык футболчу Ким Ён Гвон (90+2) жана Сон Хын Мин (90+6) эки гол киргизди
3 / 4
Корейлердин капитаны Сон топту бош калган дарбазага киргизди. Себеби, германиялыктардын голкипери Мануэль Нойер чабуул коюп жаткан командасына көмөктөшөм деп, ат койгон тейде кеткен эле
4 / 4
Ошентип, Греманиянын футболчулары жеңилүү ызасын тартты.

Египеттин футбол баяндамачысы командасы утулган соң жүрөгү кармап көз жумду
Оюн соңуна чыгарына аз калганда кореялык футболчу Ким Ён Гвон (90+2) жана Сон Хын Мин (90+6) эки гол киргизди. Корейлердин капитаны Сон топту бош калган дарбазага киргизди. Себеби, германиялыктардын голкипери Мануэль Нойер чабуул коюп жаткан командасына көмөктөшөм деп, ат койгон тейде кеткен эле. Ошентип, Германиянын футболчулары жеңилүү ызасын тартты. 

Мындай ири жеңилүү буга чейин да дүйнөнү дүңгүрөткөн. 2006-жылы Италиянын курама командасы дүйнөлүк кубокту алып, төрт жылдан кийин тайпадан чыкпай туруп, мекенине кайткан. 2014-жылы Испаниянын футболчулары ушундай "тагдырга" туш болуп, 2010-жылы алган Кубогунан ажыраган. 

Германиялыктар кубокко 2014-жылы Бразилияда миллиондогон сүрөөнчүлөрдүн көз алдында ээ болгон.