Абжалиев Атабек Алиярбекович — өмүр баяны

Атабек Абжалиев 1991-жылы 11-июлда Ош шаарында туулган.
Sputnik

Билими:

1998 — 2005 — Ош шаарында №4 Киров атындагы жана Ага-Хан мектебинде окуган;

2005 — 2007 — Бишкек шаарында №67 мектепти бүткөн;

2008 — 2014 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "Юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган;

2009 — 2013 — Кытайдын Гуангдонг провинциясына караштуу Гуанчжоу шаарындагы Техникалык университетинен "Эл аралык экономика" адистиги боюнча окуган.

2013 — 2015 — КРдин Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында магистратураны бүткөн. Адистиги — Эл аралык мамилелер.

Кыргыз, орус, англис жана кытай тилдеринде эркин сүйлөй алат.

Эмгек жолу:

2012 — 2013 — Гуанчжоу шаарында (Кытай) Professional Trading Group ишканасында логист;

2013-01.09.2014 — КРдин Тышкы иштер министрлигинде чектеш өлкөлөр департаментинде стажер, катчы-реферант;

11.2015 — 07.2016 — Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты;

2016 — 09.2017 — ТИМдин Консулдук кызмат департаментинде атташе, 3-катчы;

2017-жылдан ушул күнгө чейин өкмөттүк аппараттын эл аралык кызматташтык бөлүмүндө эксперт.

"Үчүнчү катчы" дипломатиялык рангы бар. Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы.