БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. MMA мушкери Валентина Шевченконун эжеси Антонина "Дана Уайттын талапкерлери" ("Dana White's Contender Series") турниринин жаңы сезонуна чыгып, UFC клубу менен келишим түзүүгө жетишти.
Беттеш кечээ Лас-Вегаста өткөн. Шевченкого буга чейин бир топ жеңиштерге ээ болгон америкалык Жаймелин Ньеверо атаандаш болду. Беттеш эки раунд менен аяктады, кыргызстандык мушкер кыз Ньеверону тизеси менен сокку уруп жатып жеңген.
Антонина UFC турниринде мушташууга мүмкүнчүлүк алган экинчи кыргызстандык мушкер болуп калды. Келишим UFC уюмунун негизги беттештерине чыгып, чемпиондук кур үчүн ат салышууга жол ачты.
Шевченкодон тышкары UFC турнирине өтүүгө кыргызстандык Рафаэль Физиев да аракет кылып жатат. Анын беттеши 3-июлга белгиленген.
Буга чейин Антонина Шевченко проморолигин жарыялаган.